Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-февралы № 1
Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө
Көк-Таш айылдык аймагынын каржы экономика бөлүм башчысы иштеп чыккан
Көк-Таш айылдык аймагынын 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 76 002.1 сом,чыгаша бөлүгү (тиркемеге ылайык) 76002.1 сом жана атайын каражаттын киреше бөлүгү 1500. 0 миң сом, чыгаша бөлүгү (тиркемеге ылайык) 1500. 0 миң сом болуп бекитилсин.
2.Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жалпы кирешесинин 1% бөлүгү 760.0 миң сом резервдик фондго калтырылсын.
3. Айылдык аймакта табигый кырсыктардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу үчүн 800.0 миң сом табигый кырсык үчүн статьяда турушун камсыз кылуу айылдык аймактын ФЭБнө жүктөлсүн.
4. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |