Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы I сессиясы
2018-жылдын 02-февралы № 2
01.01.2018-жылга Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде жана атайын каражатта калган калдыктардын чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Көк-Таш айылдык аймагынын каржы экономика бөлүм башчысы иштеп чыккан
айылдык аймактын 01.01.2018-жылга жергиликтүү бюджетинде жана атайын каражатта калган калдыктарынын чыгаша бөлүктөрүнүн сметасын Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01.2018-жылга жергиликтүү бюджетте калган калдыгы түзүлгөн сметанын негизинде 46 965 900 сом, атайын каражатта 26 800 сом калдыгы түзүлгөн сметанын негизинде чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |