Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы I сессиясы
2018-жылдын 02-февралы № 3
Колдоого муктаж жарандарга каражат ажыратуу жөнүндө
Айылдык аймактын колдоого муктаж, жакырчылык учетунда катталган жарандарынын турмуш шартына жана медициналык мекемелердин чыгарган корутундуларына ылайык арызын канаатандыруу максатында жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратуу жөнүндөгү Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Ден соолугуна байланыштуу оор операция болууга туура келген Кулпек-Сай айылынын тургуну Имаралы кызы Назбийкеге 25 000 ( жыйырма беш миң ) сом, Чоң-Сай айылынын тургуну Шералиев Турсуналыга 15 000 ( он беш миң) сом, Булак-Башы айылынын тургуну Раимбердиева Зуурага 12 000 ( он эки миң) сом, Чоң-Сай айылынын тургуну Мырзагулов Назирбекке 15 000 (он беш миң) сом материалдык жардам берүү максатында Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каражат ажыратууга макулдук берилсин. ( медициналык корутундулар тиркелет )
2.Каражатты ажыратып берүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Эргешовго жана ФЭБ башчысы А.Маматовго милдеттендирилсин.
3. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Таш айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |