Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы II сессиясы
2018-жылдын 27-марты № 1
Булак-Башы жамааттык мечитин бузуп, кайра курууга макулдук берүү жөнүндө
Айылдык аймакка караштуу Булак-Башы айылындагы элдик ашар жолу менен
1973- 1975-жылдары курулган жамааттык мечиттин эскилиги жетип, кооптуу абалда тургандыгын эске алуу менен, жамааттык мечитти бузуп, кайра куруу жөнүндөгү
Булак-Башы айылынын тургундарынын кайрылуусун канааттандыруу максатындагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Булак-Башы айылынын тургундарын ыймандуулукка, адептүүлүккө, сабырдуулукка үндөп туруучу жай болгон Булак-Башы айылындагы жамааттык эски мечитти бузуп, коопсуздук чараларын камтыган, заманбап архитектуралык пландагы мечит курууга макулдук берилсин. (жамааттын бүтүмү тиркелет).
2. Мечиттин заманбап архитектуралык планын даярдатуу жана жаңылап курууга тийиштүү мекемелерден уруксат алуу, демөөрчүлөрдү таап кайра куруу жоопкерчилиги Булак-Башы айылынын имамы А.Нармырзаевке тапшырылсын.
3. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |