Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы II сессиясы
2018-жылдын 27-марты № 2
Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучуларынан түшүүчү ижара акыны бекитүү жөнүндө
Көк-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын 2018-жылга жалпы ижара акысы жөнүндө билдирүүсүнүн негизинде айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Көк-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы ижара акысы 576 миң сом, жайыттын жалпы аянты 8 578 га анын ичинен жер салыгы үчүн 84 миң 900 сом, жергиликтүү бюджетке түшүүчү киреше 163 миң 700 сом, жайыт комитетинин
2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 327 миң 400 сом болуп бекитилсин.(тиркеме тиркелет ).
2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |