Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы II сессиясы
2018-жылдын 27-марты № 3
Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Кол көпүрөсүнүн курулушуна, Булак-Башы айылында жайгашкан Р.Исаков атындагы орто мектебинин жана айылдык оорукананын ремонтторуна кошумча смета менен каражат кароо жөнүндө
Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Кол көпүрөсүнүн курулушуна, Булак-Башы айылында жайгашкан Р.Исаков атындагы орто мектебинин жана айылдык оорукананын ремонтторуна кошумча смета менен каражат кароо жөнүндө
Севен Стар,Разак-100 ЖЧКнун билдирүүсүн угуп жана түзгөн актыларын талкуулап,
Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Мурдагы смета проектиде белгиленбей калган, бирок жумуштун жүрүшүндө зарылчылыкка байланыштуу кошумча аткарыла турган иштер үчүн, Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Кол көпүрөсүнө 1 800 000 ( бир миллион сегиз жүз миң) сом, Булак-Башы айылында жайгашкан Р.Исаков атындагы орто мектебинин ремонтуна 47 миң 140 ( кырк жети миң бир жүз кырк) сом жана айылдык оорукананын ремонтуна 54 миң 185 ( элүү төрт миң сегиз жүз сексен беш ) сом акча каражаты кошумча смета менен жергиликтүү бюджеттен каралышына макулдук берилсин. (Севен стар, Разак-100 ЖЧКнун билдирүүлөрү тиркелет)
2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |