Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы II сессиясы
2018-жылдын 27-марты № 4
Ала-Бука районуна караштуу Чанач-Сай жайлоосунда жайгашкан “Жоогазын” балдар эс алуучу лагерине, Орто-Суу чек ара заставасына, 1-май айылында жайгашкан суу пайдалануучулар коомуна демөөрчүлүк жардам көрсөтүү жөнүндө
“Жоогазын” балдар эс алуучу лагеринин , Орто-Суу чек ара заставасынын,1-май айылында жайгашкан суу пайдалануучулар коомунун жетекчилеринин демөөрчүлүк жардам көрсөтүү жөнүндө билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ала-Бука районуна караштуу Чанач-Сай жайлоосунда жайгашкан “Жоогазын” балдар эс алуучу лагерине 40 000 (кырк миң) сом, Орто-Суу чек ара заставасына күйүүчү май алуу үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом,1-май айылында жайгашкан суу пайдалануучулар коомуна 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты демөөрчүлүк жардам көрсөтүү үчүн,
Көк-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинен ажыратылышына макулдук берилсин.
2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |