Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы II сессиясы
2018-жылдын 27-марты № 5
Көк-Таш айылдык аймагынын Жалгыз-Өрүк айылындагы авто унаа жүрүүчү Жалгыз-Өрүк- Бозумчак жолуна Т.Базарбаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Көк-Таш айылдык аймагына караштуу Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну, мурдагы айыл башчысы маркум - Базарбаев Тагайбек Камбаровичтин Көк-Таш айылдык аймагынын социалдык инфратүзүмүнүн өнүгүшүнө жана жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртууга кошкон бараандуу салымы, Жалгыз-Өрүк айылындагы Жалгыз-Өрүк - Бозумчак автоунаа жолун реаблитациялоо учурунда ооруудан улам каза болгондугу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Көп жылдык үзүрлүү эмгегин, айылдык аймактын социалдык инфратүзүмүнүн өнүгүшүнө жана жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртууга кошкон бараандуу салымын эске алуу менен, Жалгыз-Өрүк айылындагы Жалгыз-Өрүк - Бозумчак автоунаа жолуна маркум - Базарбаев Тагайбек Камбаровичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |