Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы II сессиясы
2018-жылдын 27-марты № 6
Көк-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинен айылдык аймактын колдоого муктаж тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө
Көк-Таш айылдык аймагына караштуу Орто-Суу айылынын тургуну Иманазаров Кеңешбек Эргешбаевичтин үй-шартынын колдоого муктаждыгын жана ден соолугунун абалын эске алуу менен айылдык Кеңешке берген арызын канааттандыруу максатында, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Орто-Суу айылынын тургуну Иманазаров Кеңешбек Эргешбаевичке үй-шартынын колдоого муктаждыгын жана ден соолугунун абалын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттен 5000 (беш миң) сом материалдык жардам берилишине макулдук берилсин.
2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |