Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы II сессиясы
2018-жылдын 04-июну № 11
2018-жылдын беш айында кошумча түшкөн кирешенин эсебинен жергиликтүү бюджеттин 3111 статьясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Таш айылдык аймагында быйылкы жылы курулушу башталып жаткан 90 орундуу бала бакчанын имаратын толук бүткөрүү үчүн, 2018-жылдын беш айында жергиликтүү бюджетке кошумча түшкөн кирешенин эсебинен 3111 статьясына 5000000 ( беш миллион) сом кошуп өзгөртүү зарыл болуп жаткандыгы тууралуу аймактын ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Эгемовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2018-жылдын беш айында кошумча түшкөн кирешенин эсебинен жергиликтүү бюджеттин 3111 статьясына 5000 000 (беш миллион) сом кошуп өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2.Түшкөн кирешелерди статьяларга бөлүштүрүп берүү жагы Ала-Бука райондук каржы бөлүмүнөн жана казына бөлүмүнөн суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жакыев |