Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы III сессиясы
2018-жылдын 07-июну № 1
Көк-Таш айылдык аймагына караштуу Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Ж.Б. Рахмановдун арызын кароо жөнүндө
Үй-бүлөсүнүн турмуш шарттарынын оордугун эске алып, Рахманов Жумадил Бакытбековичтин ден соолугу тез арада дарыланууга муктаж экендигин тастыктаган медициналык корутундуларын карап чыккан айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын пикирин угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Рахманов Жумадил Бакытбековичке үй-бүлөсүнүн турмуш шарттарынын оордугун эске алып ден соолугун калыбына келтирүү максатында, Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин резервдик фондунан 25 000 (жыйырма беш миң) сом каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2.Каражатты ажыратып берүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовко жана ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Эгемовко тапшырылсын.
3. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жакыев |