Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы III сессиясы
2018-жылдын 07-июну № 2
Көк-Таш айылдык аймагына караштуу Булак-Башы айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомун турмушка ашыруу максатында, Көк-Таш айылдык аймагына караштуу Булак-Башы айылынын тургундарынын арызын канааттандырууну көздөгөн айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Таш айылдык аймагына караштуу чек арада жайгашкан Булак-Башы айылынын тургундарынын арызын канааттандыруу максатында 2 (эки ) даана трансформатор сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2.Каражатты ажыратып берүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовко жана ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Эгемовко тапшырылсын.
3. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын..
Төрага | Н. Жакыев |