Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы III сессиясы
2018-жылдын 07-июну № 3
Көк-Таш айылдык аймагына караштуу Жалгыз-Өрүк айылынын Жалгыз-Өрүк жана Ынтымак көчөсүнөн Орто-Суу айылына өтүүчү жолдорго “КазМинералз Бозумчак” ЖЧКнун демөөрчүлүгүндө курула турган 2 (эки) көпүрөнүн ордун аныктап берүүгө,Самарчык-Сай участкасына көк-бөрү спорт аянтчасын куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомун турмушка ашыруу үчүн, Көк-Таш айылдык аймагына караштуу Жалгыз-Өрүк айылынын Жалгыз-Өрүк, Ынтымак көчөлөрүнөн Орто-Суу айылына өтүүчү жолдорго “КазМинералз Бозумчак” ЖЧКнун демөөрчүлүгүндө курула турган 2 (эки) көпүрөнүн ордун ажыратып берүү жана Самарчык-Сай участкасына улуттук көк-бөрү спорт аянтчасын куруу максатындагы жергиликтүү калктын кайрылуусун жана айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,
Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жалгыз-Өрүк айылынын Жалгыз-Өрүк, Ынтымак көчөлөрүнөн Орто-Суу айылына өтүүчү жолго “КазМинералз Бозумчак” ЖЧКнун демөөрчүлүгүндө курула турган 2 (эки) көпүрөнүн ордун жана Самарчык-Сай участкасына көк-бөрү спорт аянтчасын курууга жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Курула турган көпүрө жана спорт аянтчасынын жерлерин аныктап, ажыратып берүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовко тапшырылсын.
3. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын..
Төрага | Н. Жакыев |