Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-июну № 4
Ала-Бука РИИБдин 02.02.2018-жылдагы № 7/18 сандуу катын кароо жөнүндө
Ала-Бука РИИБнүн Көк-Серек АМБнүн башчысы милициянын ага лейтенанты З.Ш.Маматовдун 02.02.2018-жылдагы № 7/18 сандууу катын угуп жана талкуулап,
Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомун турмушка ашыруу максатында, Көк-Таш айылдык аймагында коомдук коопсуздукту, тартипти камсыз кылуу багытында иш жүргүзүп жаткан Ала-Бука РИИБнүн Көк-Серек АМБнүн кызматкерлерине толук кандуу шарт түзүүгө кызматтык ВАЗ 2121 МВД 140 D үлгүсүндөгү автоунаанын бир жылдык жол чыгымына жана автотетиктерин оңдоо үчүн, Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 80 000 (сексен миң) сом ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Каражатты ажыратып берүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовко жана ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Эгемовко тапшырылсын.
3. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын..
Төрага | Н. Жакыев |