Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы III сессиясы
2018-жылдын 07-июну № 5
Көк-Таш айылнынын тургуну Каримов Сайдазим Жоробаевичтин арызын кароо жөнүндө
Көк-Таш айылынын тургуну С.Каримов тарабынан 380 000 ( үч жүз сексен миң) сом каражат жумшалып курулган Көк-Таш мечети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо максатында, Орто-Суу чек ара заставасын жайгаштыруу үчүн 2008-жылы берилгендигин жана ошол убакта арыз менен кайрылуучуга республикалык жана жергиликтүү бюджеттен акча каражаты кайтарылып берилбегендигин угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо максатында келген чек арачыларга 2008-жылы жатакана үчүн берилип кеткен Көк-Таш мечетин курууга Каримов Сайдазим Жоробаевичтин жеке каражатынан жумшалган 380 000 ( үч жүз сексен миң) сомду жергиликтүү бюджеттин эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомунун негизинде мыйзамдуулугун аныктап карап, төлөп берүү жагы Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовго жана каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Эгемовго милдеттендирилсин.
2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын..
Төрага | Н. Жакыев |