Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы III сессиясы
2018-жылдын 07-июну №8
Чоң-Сай башталгыч мектебине мамлекеттик акт алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186-токтомунун негизинде “Өзгөчө чек ара аймак” статусуна ээ болгон айылдык аймактын инфратүзүмүн өнүктүрүү жана жергиликтүү калктын жашоо шартына жакшы шарт түзүү максатын көздөгөн Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовдун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын Ала-Бука райондук бөлүмүнөн
Чоң-Сай башталгыч мектебине мамлекеттик акт алууга макулдук берүүсүн сураган билдирүүсүн угуп жана түзгөн актыларын талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын Ала-Бука райондук бөлүмүнөн Чоң-Сай башталгыч мектебине мамлекеттик акт алууга макулдук берилсин.
2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |