Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы III сессиясы
2018-жылдын 07-июну №12
Кулпек-Сай айылындагы Каипов Тойчу арыгын реаблитациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомунун негизинде “Өзгөчө чек ара аймак” статусуна ээ болгон айылдык аймактын инфратүзүмүн өнүктүрүү жана жергиликтүү калктын жашоо шартына жакшы шарт түзүү максатын көздөгөн Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовдун
Кулпек-Сай айылындагы Каипов Тойчу атындагы арыкты реаблитациялоого макулдук берүүсүн сураган билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айылдык аймактын Кулпек-Сай айылындагы Каипов Тойчу атындагы арыкты реаблитациялоого макулдук берилсин.
2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын..
Төрага | Н. Жакыев |