Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы III сессиясы
2018-жылдын 07-июну №15
2017-2018-окуу жылында Жалпы республикалык тестирлөөдө жана предметтик олимпиядада жогорку балл алган А.Жумабаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүн, окуучуларын жана аларды даярдаган мугалимдерин сыйлоого жергиликтүү бюджеттен каражат кароо жөнүндө
А.Жумабаев атындагы № 22 орто мектебинин директору К.Адыловдун 20.06.2018-жылдагы № 37 билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Жалпы Республикалык Тесттен жана предметтик олимпиядада жогорку балл алган А.Жумабаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүн жана аларды даярдаган мугалимдерин сыйлоого жергиликтүү бюджеттен каражат кароого макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жакыев |