Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы III сессиясы
2018-жылдын 07-июну №16
“Жарандык демилге ” коомдук комитетинин жобосун кароо жөнүндө
“Жарандык демилге ” коомдук комитетинин жетекчиси А.Алымовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Жарандык демилге ” коомдук комитетинин Жобосу жактырылсын.
2. Айылдык аймактагы коомдук уюмдардын жана жеке тараптардын курчап турган чөйрөнү, табигый ресурстарды натыйжалуу, ачык айкындуулукта пайдаланууга мыйзамдуу укуктарынын сакталышын камсыздоо максатында “Жарандык демилге ” коомдук комитетинин менен шериктештикте кызматташуу Көк-Таш айылдык Кеңеши тарабынан колго алынсын.
3. Коомдук комитет, Айылдык Кеңеш жана коомдук уюмдар менен биргеликте : Курчап турган чөйрөнү сактоо, табигый ресурстарды натыйжалуу, ачык айкын пайдаланууну камсыздоо максатында өз ара маалымат, пикир алмашуу, учурдагы нормативдик актылар боюнча ой пикирлерди талкуулоо, өзгөртүү –сунуштарды киргизүү жана тийешелүү иш чараларды биргеликте өткөрүү, жыйынтыктары боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга билдирүү камсыздалсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жакыев |