Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-июну № 18
Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чон-Сай айылындагы ФАП тын курулушуна кошумча каражат кароо жөнүндө
Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чон-Сай айылындагы ФАП тын курулушуна кошумча каражат кароо жөнүндө “Көк-Таш курулуш” ЖЧКнун башчысынын билдирүүсүн угуп жана түзгөн актыларын талкуулап,
Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Мурдагы смета проектиде белгиленбей калган, бирок жумуштун жүрүшүндө зарылчылыкка байланыштуу кошумча аткарыла турган иштер үчүн, Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чон-Сай айылына курулуп жаткан ФАПтун имаратына тендердик сметадагы 2230 000 сомдун 25 % 557 500 (беш жүз элүү жети миң беш жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралышына макулдук берилсин.
(“Көк-Таш курулуш” ЖЧКнун билдирүүлөрү тиркелет)
2.Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |