Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы кезектеги III сессиясынын
2018-жылдын 07-июну № 19
Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга карата киреше, чыгаша боюнча долбоорун жана 2020-2021-жылдарга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолдорун бекитүү жөнүндө
Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин
2019-жылга карата киреше, чыгаша боюнча долбоору жана 2020-2021-жылдарга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолдору жөнүндө Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Эгемовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Көк-Таш айылдык аймагынын 2019-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 78439,7 миң сом, анын ичинен бюджеттик каражат 76939,7 миң сом, атайын каражат 1500,0 миң сом , 2020- жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 80427,3 миң сом, анын ичинен бюджеттик каражат 78807,3 миң сом, атайын каражат 1620,0 миң сом, 2021-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 82476,6 миң сом, анын ичинен бюджеттик каражат 80776,6 миң сом, атайын каражат 1700,0 миң сом деп түзгөн Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу А.Эгемовдун долбоору жактырылсын жана бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |