Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-августу № 1
А.Жумабаев атындагы орто мектебинин алдындагы балдар жатак интернатынын капиталдык ремонтуна каражат кароо жөнүндө
2018-жылдын III кварталында жергиликтүү бюджетке түшкөн кошумча каражаттын эсебинен А.Жумабаев атындагы орто мектебинин алдындагы балдар жатак интернатынын капиталдык ремонтуна каражат кароо жөнүндөгү Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу А.Эгемовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2018-жылдын III кварталында түшкөн кошумча каражаттын эсебинен 3111 статьядан А.Жумабаев атындагы орто мектебинин алдындагы балдар жатак интернатынын капиталдык ремонтуна 1600 000 ( бир миллион алты жүз миң) сом каражат бөлүүгө макулдук берилсин.
2.Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жакыев |