Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы IV сессиясы
2018-жылдын 03-августу № 2
Жалгыз-Өрүк айылынын тургундары Асанов Лаачынга жана Жакыева Жансулууга, Булак-Башы айылынын тургуну Маматкулова Буайшага арызынын негизинде материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө
Жалгыз-Өрүк айылынын тургундары Л.Асановдун жана Ж.Жакыеванын, Булак-Башы айылынын тургуну Б.Маматкулованын ден соолугу боюнча берилген медициналык корутундуларын карап чыгып, үй-бүлөлүк шартына мониторинг жүргүзгөн Көк-Таш айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Жалгыз-Өрүк айылынын тургундары Асанов Лаачынга жана Жакыева Жансулууга, Булак-Башы айылынын тургуну Маматкулова Буайшага арызынын негизинде Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен ар бирине 20 000 (жыйырма миң) сомдон 60 000 ( алтымыш миң) сом каражат бөлүүгө макулдук берилсин.
2.Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жакыев |