Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы IV сессиясы
2018-жылдын 03-августу № 3
Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Колдошов Султаналынын, Орто-Суу айылынын тургуну Корчуева Мубарактын үй-бүлөсүнө маркумду узатуу иш-чарасына материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө
Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну С.Колдошовдун жана Орто-Суу айылынын тургуну М.Корчуеванын үй-бүлөлүк шартына мониторинг жүргүзгөн Көк-Таш айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну, айыл өкмөттүн колдоого муктаж, жалгыз бой жарандарынын каттоосунда катталып, оорудан улам дүйнөдөн өткөн Колдошов Султаналынын жана Орто-Суу айылынын тургуну, 2 эки жолу операция болгон Корчуева Мубарактын колдоого муктаж үй-бүлөлөрүнө маркумду узатуу иш-чараларын өткөрүү үчүн, жергиликтүү бюджеттен 35 000 ( отуз беш миң) сом каражат бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жакыев |