Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы кезектеги IV сессиясы
2018-жылдын 03-августу № 5
Башка аймактардан үй-бүлөсү менен келип иштей турган адистер үчүн, муниципалдык турак жай курууга Көк-Таш айылдык аймагынан жер аянтын сатып алуу жөнүндө
Айылдык аймакка башка аймактардан чакыруу, же жолдомо аркылуу келип иштей турган адистер үчүн ( врач, мугалим ж.б.у.с.) муниципалдык турак жай куруу максатында, Көк-Таш айылдык аймагынан жер аянтын сатып алуу жөнүндөгү айыл өкмөттүн башкы адиси Ж.Байнаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айылдык аймакка башка аймактардан чакыруу, же жолдомо аркылуу келип иштей турган адистер үчүн ( врач, мугалим ж.б.у.с.) муниципалдык турак жай куруу максатында 0.10 га дан кем эмес жер аянтын сатып алууга макулдук берилсин.
2. Жер аянтын сатып алууда Кыргыз Республикасынын жер жөнүндөгү колдонуудагы Мыйзамдарынын талаптары сакталсын.
3. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жакыев |