Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы кезектеги IV сессиясы
2018-жылдын 03-августу №7
Көк-Таш айылдык аймагынын уюшулгандыгынын 20 жылдык юбилейине карата клип тартууга каражат кароо жөнүндө
Көк-Таш айылдык аймагынын уюшулгандыгынын 20 жылдык юбилейине карата, сөзү –обону А.Артыкбаевге таандык “Көк-Ташым” аттуу ырына клип тартуу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат кароо максатындагы айылдык Кеңештин депутаттары А.Тажибаев менен А.Байнаевдин сунушун жана Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомунун негизинде “Өзгөчө чек ара аймак” статусуна ээ болгон Көк-Таш айылдык аймагынын жалпы тургундарын мекенди сүйүүгө шыктандыруу максатында, сөзү –обону А.Артыкбаевге таандык “Көк-Ташым” аттуу ырына клип тартуу үчүн, Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 90 (токсон миң) сом каражат бөлүнүп берилсин.
2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Т октомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө
милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн .
Төрага | Н. Жакыев |