Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясы
2018-жылдын 03-августу № 8
АРИСтин ПРЖР -2 долбоору жөнүндө
“ “АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун” алкагында Көк-Таш айылдык аймагынын калктуу конуштарындагы жайытка мал өтүүчү көпүрөлөрдү куруу жана жайыттарды туура пайдалануу үчүн, “Көк-Таш жайыт пайдалануучулар” бирикмесине погрузчик тракторун сатып алуу, көчмө кыркым уюштуруу жөнүндөгү айылдык Кеңештин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Айылдык аймактагы жайыт пайдалануучуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, “АРИСтин ПРЖ-2 долбоорунун” алкагында погрузчик сатып алуу үчүн “Көк-Таш жайыт пайдалануучулар” бирикмеси даярдаган долбоор жактырылсын.
2.Долбоорду толук кандуу турмушка ашырууда жетпеген суммага Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каражат кароого макулдук берилсин.
3.Каражат ажыратуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовго жана ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Эгемовго милдеттендирилсин.
4.Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө
милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жакыев |