Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы кезектеги V сессиясы
2018-жылдын 30-октябры № 1
Көк-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинде үнөмдөлгөн акча каражатын жылдыруу жөнүндө
2018-жылдын 9 айында жана IV кварталда аймактын бюджетинде тармактардагы беренелер боюнча үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен 3111 курулмаларды куруу беренесине каражат жылдыруу боюнча Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Эгемовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Көк-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылы жергиликтүү бюджетинин үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен башкаруу тармагынын 2212 “ Байланыш кызмат көрсөтүү” беренесинен 122 000 сом, 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” беренесинен 100 000 сом , 2221 “Мүлктү учурда оңдоо” беренесинен 200 000 сом, 2222 “Чарбалык максаттар үчүн буюмдар жана материалдар” беренесинен 1000 000 сом, Билим берүү тармагынан 2221 “Мүлктү учурда оңдоо” беренесинен 548 700 сом, 3112 “ Машина жана жабдуулар” беренесинен 899 200 сом, Балдар бакчасынын 2224 “Көмүр жана отун алуу беренесинен” 70500 сом, Китепкана тармагынын 2221 “Мүлктү учурда оңдоо” беренесинен 150 000 сом, 3112 “ Машина жана жабдуулар” беренесинен 300 000 сом, Маданият тармагынын 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” беренесинен 300 000 сомду жалпы болуп 3690400 сомду жергиликтүү бюджеттин 3111 “Курулмалар” беренесине жылдырууга макулдук берилсин.
2. Кражаттарды жылдырып берүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ала-Бука башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жакыев |