Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы кезектеги VI сессиясы
2018-жылдын 05-ноябры № 1
Айылдык аймактагы колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн оор орулуу беш жаранына ден соолугун калыбына келтирүү максатында материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө
Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Курманкулов Тургуналынын, Булак-Башы айылынын тургундары Турсунбекова Аймиранын ( арыз ээси атасы Шанабаев Авас), Жаныбек кызы Айдананын ( арыз ээси өзү), Каримова Дилбардын (арыз ээси өзү) , Абдыкалык уулу Абдуазимдин, Маатова Нышангүлдүн, Маатов Абдиназардын (арыз ээси- балдардын апасы Тойчуева Светлана) ден соолугу боюнча берилген медициналык корутундуларын карап чыгып, үй-бүлөлүк шартына мониторинг жүргүзгөн Көк-Таш айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ден соолугу боюнча берилген медициналык корутундулардын жана үй-бүлөлүк шартына мониторинг жүргүзгөн Көк-Таш айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Курманкулов Тургуналыга -15 000 сом, Булак-Башы айылынын тургундары Турсунбекова Аймирага -15 000 сом, Жаныбек кызы Айданага- 50 000 сом, Каримова Дилбарга-15 000 сом, Абдыкалык уулу Абдуазимдин, Маатова Нышангүлдүн, Маатов Абдиназарга-50 000 сом жалпы 145 000 (бир жүз кырк беш миң) сом каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө
жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевге тапшырылсын.
Төрага | Н. Жакыев |