Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы кезектеги V сессиясы
2018-жылдын 05-ноябры № 2
Ала-Бука РИИБнин 10.05.2018-жылдагы № 7/1735 сандуу сунуштама катын аткаруу жөнүндө
Айылдык аймакта түнкүсүн коомдук жайларда, көчөлөрдө жасалган кылмыштардын алдын алуу, жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында, коомдук тамактануучу жайлардын, дүкөндөрдүн иштөө убактысына чектөө коюу тууралуу Ала-Бука РИИБнин 10.05.2018-жылдагы № 7/1735 сандуу сунуштама катынын негизинде Көк-Таш айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Айылдык аймакта түнкүсүн коомдук жайларда, көчөлөрдө жасалган кылмыштардын алдын алуу, жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында, коомдук тамактануучу жайлардын, дүкөндөрдүн иштөө убактысына кыш мезгилинде саат 8-00дөн 18-00гө, жайкы мезгилде 8-00дөн 20-00гө чейин чектөө коюлсун.
2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө
жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевге тапшырылсын.
Төрага | Н. Жакыев |