Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы кезектеги V сессиясы
2018-жылдын 05-ноябры № 3
Көк-Таш айылдык аймагында 2020-жылы Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү максатындагы 2019-жылга түзүлгөн смета үчүн каражат кароо жөнүндө
“ Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү ” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2017-жылдын 23-октябрындагы № 69 токтомун турмушка ашыруу максатында түзүлгөн Ала-Бука райондук комиссиянын отурумунан 21.09.2018-жылдагы № 3 протоколдук тапшырмасынын негизинде Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Айылдык аймакта 2020-жылы Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү максатындагы 2019-жылга түзүлгөн смета үчүн жалпы суммасы 160 000 сом жергиликтүү бюджеттен ажыратылышына макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө
жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевге тапшырылсын.
Төрага | Н. Жакыев |