Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы кезектеги V сессиясы
2018-жылдын 05-ноябры №5
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2018-жылдагы №80 токтомун аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 “Кыргыз Республикасынын ЖӨБО тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2018-жылдагы №80 токтомунун негизинде, IV чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин 21.12.2015-жылдагы №32 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айылдык аймакта калкка муниципалдык кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу максатында, ЖӨБО тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жакыев |