Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы кезектеги V сессиясы
2018-жылдын 05-ноябры № 6
Жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку балл алууга жетишкен айылдык аймактагы 6 жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын айылдык аймакка өтө керектүү адистикке жогорку окуу жайларында келишимдик негизде окутууга жергиликтүү бюджеттен каражат кароо жөнүндө
Көк-Таш айылдык Кеңешинин VI сессиясынын № 5 токтому менен бекитилген, калкка ЖӨБО тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестринин
11 -пунктуна ылайык, Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. ЖРТда жогорку балл алууга жетишкен айылдык аймактагы 6 жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын айылдык аймакка өтө керектүү адистикке жогорку окуу жайларында келишимдик негизде окутууга жергиликтүү бюджеттен каражат кароого макулдук берилсин.(студенттердин тизмеси тиркемеде тиркелет)
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен окуп жаткан студенттердин ата-энеси, студенттин өзү жана айыл өкмөт ортосунда бардык шарттар эске алынган келишимин түзүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовго тапшырылсын.
3. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жакыев |