Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы кезектеги V сессиясы
2018-жылдын 05-ноябры № 7
Көк-Таш айылдык аймагынын Чоң-Сай айылынын тургундары I топтогу майып Ш.Мырзагулов жана Н.Мырзагуловго үй сатып алып берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат кароо жөнүндө
Айылдык аймакка караштуу Чоң-Сай айылынын тургуну I топтогу майып Ш.Мырзагулов жана Н.Мырзагуловун арыздарын карап чыккан Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айылдык аймакка караштуу Чоң-Сай айылынын тургуну I топтогу майып Мырзагулов Шумкар Райымбердиевич, Мырзагулов Назарбек Райымбердиевичке үй сатып алып берүү үчүн 990.000 (тогуз жүз токсон миң) сом акча каражатын мыйзамдуулук жагын карап чыгып жергиликтүү бюджеттен төлөп берүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовго тапшырылсын.
3. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тиркеме:Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу 1 баракта тиркелет.
Төрага | Н. Жакыев |