Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы кезектеги V сессиясы
2018-жылдын 05-ноябры № 8
Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, КР Өкмөтүнүн 14.04.2017-жылдагы №12-р буйругу менен бекитилген КРнын Жазык кодексин, КРнын Жоруктар жөнүндө кодексин, КРнын Жазык -процесстик кодексин, “Пробация жөнүндө”, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Көк-Таш айылдык аймактык Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Көк-Таш айылдык аймактык комиссиясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Эргешов Р.М.- айыл өкмөт башчысы, комиссия курамынын төрагасы
Каримов С.Ж.- аксакалдар Сотунун төрагасы, төраганын орун басары
Жуманазарова А.Э.- соц адис, комиссия курамынын катчысы
МҮЧӨЛӨРҮ :
Жакыев Н.А. - айылдык Кеңештин төрагасы (макулдашуу менен)
Токтошов У.М. – айыл өкмөттүн жооптуу катчысы
Молдобеков А. – ардагерлер Кеңешинин төрагасы
Кабылова А.Э. - аялдар комитетинин төрайымы
2.Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө
жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевге тапшырылсын.
Төрага | Н. Жакыев |