Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы кезектеги V сессиясы
2018-жылдын 29-ноябры № 1
Көк-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинде үнөмдөлгөн акча каражатын жылдыруу жөнүндө
2018-жылдын IV кварталында аймактын бюджетинде тармактардагы беренелер боюнча үнөмдөлгөн акча каражаттын эсебинен 3112 “Башка эмеректеги жана жабдууларды сатып алуу” беренесине жылдыруу тууралуу Көк-Таш айыл аймагынын ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Эгемовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Көк-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылы жергиликтүү бюджетинин үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен башкаруу тармагынан 2221 “мүлктү учурда оңдоого кеткен чыгашалар” беренесинен 133000 сом акча каражаты 2224 “көмүрдү сатып алуу жана отундун башка түрлөрүн алуу” беренесине 133000 сом, билим берүү тармагынан 2222 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” беренесинен 620000 сом, 2215 “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” беренесинен 20 000 сом акча каражатын 31123290 “Башка эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу” беренесине 640 000 сом, Балдар бакчасынан 2222”Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” беренесинен 80 000 сом акча каражаты 31123290 “Башка эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу” беренесине 80 000 сомду жылдырууга макулдук берилсин.
2.Каражаттарды жылдырып берүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ала-Бука башкармалыгынан суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жакыев |