Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы VII сессиясы
2018-жылдын 29-ноябры № 3
Көк-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинде үнөмдөлгөн акча каражатын жылдыруу жөнүндө
2018-жылдын IV кварталында аймактын бюджетинде тармактардагы беренелер боюнча үнөмдөлгөн акча каражаттын эсебинен китепкана тармагынан 2111 “Кызматкерлердин эмгек акысы” 2121 Социалдык Фондго төлөмдөр беренесине жылдыруу тууралуу Көк-Таш айыл аймагынын ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Эгемовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Көк-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылы жергиликтүү бюджетинде үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен Китепкана тармагына 2215 “товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү” беренесине 21800 сом акча каражатын 2111 “Кызматкерлердин эмгек акысы” беренесинен 18600 сом, 2121 “Социалдык Фондго төлөмдөр ” беренесине 3200 сомду жылдырууга макулдук берилсин.
2. Каражаттарды жылдырып берүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ала-Бука башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жакыев |