Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 27-26/1
“Каракол шаарындагы №1 мектеп-гимназиясынын терезелерин алмаштыруу” долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүүнү, Каракол шаарынын 2019-жылдын бюджетинин долбооруна киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, 2018-жылдын, 10-декабрындагы, кир.№01-7/538 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), 900 000 (тогуз жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, "Каракол шаарындагы №1 мектеп-гимназиясынын терезелерин алмаштыруу" долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга, Каракол шаарынын 2019-жылга карата бюджетинин долбооруна киргизүүнү камсыз кылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу1 комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |