Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры № 27-26/8
“№3 бала-бакчасынын тайпасына кире беришин куруу” долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүүнү, Каракол шаарынын 2019-жылдын бюджетинин долбооруна киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, 2018-жылдын, 10-декабрындагы, кир.№01-7/538 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), 760,0 (жети жүз алтымыш миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, “№3 бала-бакчасынын тайпасына кире беришин куруу” долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга, Каракол шаарынын 2019-жылга карата бюджетинин долбооруна киргизүүнү камсыз кылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |