Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры № 27-26/9
Ж-2б зонасында уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө
Ысык-Көл регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Ш.Джумашевдин, Ж-2б зонасындагы жер тилкесин башкага которуу жөнүндөгү, 2018-жылдын 5-октябрындагы, кир.№07-7/453 карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж-2б (майда жана ири мүйүздүү үй жаныбарларын кармоого уруксааты бар, жеке менчик турак жай зонасы) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: Каракол шаарынын, Масалиев атн. көчөсү, номерсиз дарегинде жайгашкан, аянты 5000,0 м2 жер тилкеси, Ц-2 (жергиликтүү маанидеги тейлөө борборлору жана коммерциялык активдүүлүк зона) зонасына которулсун.
2. Ысык-Көл регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
-Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине көрсөтүлгөн өзгөртүүнү киргизсин;
-бул токтомдо, көрсөтүлгөн объектти, максатту пайдалануу жагын, кыйшаюусуз аткаруусун камсыз кылсын.
3. Б.Т.Таалайбеков, Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин жана Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |