Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры № 27-26/12
Каракол көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо комбинатына акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо комбинатына, 2017-жылдын бюджетинин аткаруусунун жыйынтыгы боюнча, 2018-жылдын башындагы эркин калдыктын акча каражаттарын бөлүштүрүүдө, долбоорлорду кошумча каржылоого бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен, 356 000 (үч жүз элүү алты миӊ) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, үй-жайсыз адамдарды кароо үчүн бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |