Сравнение редакций…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-январы № 27-26/13
“Каракол шаарынын мэриясынын укук бузуулар иштерин кароо боюнча комиссиясы жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси С.Ж.Кубатовдун, 2018-жылдын 20-ноябрындагы, кир.№01-7/516 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Каракол шаарынын мэриясынын укук бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча комиссиясы жөнүндөгү” Жобо бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Комиссиянын курамы бекитилсин (№2 тиркеме).
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарылансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |
Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин
2019-жылдын 17-январындагы
№ 27-26/13 токтомуна №1тиркеме
Каракол шаардык мэриясынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу ЖОБО
1. Жалпы жоболор
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралганКыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
Комиссия Каракол шаарынын депуттар Кеңеши тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы Каракол шаарынын депутаттар Кеңешинин чечими менен бекитилет.
Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Комиссия Кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
Комиссия Каракол шаарынын депутаттар Кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап Каракол шаарынын депутаттар Кеңешине киргизет.
Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
Каракол шаарынын депуттар Кеңеши тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
Каракол шаарынын депутаттары;
муниципалдык кызматчылар;
шаардын, айыл аймагыңын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы Каракол шаардык мэриясынын муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон, атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчөсү боло алат.
Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:
соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;
соттулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттулугу бар;
акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мүчөсү боло албайт.
Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары Каракол шаарынын депуттар КеңешиКомиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөнтартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары:
жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянынмүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндөарыз берген учурда;
Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнөкиргенде;
күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;
медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
Комиссияньш мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда;
Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;
Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
Каракол шаарынын депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
- жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.
Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет.
Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда Каракол шаарынын депутаттар Кеңештин чечимименен токтотулушу мүмкүн.
Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.
3. Комиссиянын ишинин тартиби
Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
Комиссиябузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардынтүшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болот.Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштан он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүүбоюнча ыйгарым берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
Комиссия, бузуу жөнүндө ишти карап чыгып:
А) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат:
жаза чарасын колдонуу жөнүндө;
туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29-беренеси);
иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.
Б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мучөлөрү бирдей укукка ээ.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Төмөндөгүлөргө милдеттүү:
Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;
бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;
жүрум-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга.
Төмөндөгулөргө укуктуу:
бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүугө;
бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;
Кодексте каралган башка укуктарга.
Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары, темөндөгүлөргө милдеттүү:
Комиссиянын ишмердуүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;
Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;
Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;
Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.
Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары, төмөнкүдөй укуктарга ээ:
Өзкомпетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
Комиссияңын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:
бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;
Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;
өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;

келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;
бузуулар жөнүндө протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
Комиссиянын мүчөлөрүң, бузуулар жөнүндо өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет;
Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;
аныктамалардын жана токтомдордун кочүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;
Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;
Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт;
Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат,
Комиссияньш катчысы убактылуу жок болгон учурда анын миддеттерин комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.
Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү:
бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткап адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, өкүлүнүн, адвокатын, ошондой эле күбөсүңүн, эксперттин, адистин. котормочунун туугандары болушса;
иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кызыкдар болушса,алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катыпгууга акысы жок.
5. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайыңдалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек.
Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда, Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.
Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жургүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финасылык отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлуүчү айып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөго макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн (квитаициясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгудөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:
-бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;
отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкөн иретинде
жайгаштырылган бардык документтер;
белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;
ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.
Бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.
Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эеепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.
Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук (шаардык) бөлүмү менен салыштырып текшерип турат.
Комиссия төмөндөгүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат:
бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы;
айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам дар га жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы.
Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, кок же сыя көк түстөгүсыя (паста) менен жазылат.
Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
44. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.
Каракол шаардык депутаттар
Кеӊешинин жооптуу катчысы Э. Майрыков
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-январы № 27-26/13
“Каракол шаарынын мэриясынын укук бузуулар иштерин кароо боюнча комиссиясы жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө
(Каракол шаардык кеңешинин 2021-жылдын 4-августундагы № 28-6/1 токтомунун редакциясына ылайык)
Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси С.Ж.Кубатовдун, 2018-жылдын 20-ноябрындагы, кир.№01-7/516 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Каракол шаарынын мэриясынын укук бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча комиссиясы жөнүндөгү” Жобо бекитилсин (№1 тиркеме).
2. (Каракол шаардык кеңешинин 2021-жылдын 4-августундагы № 28-6/1 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарылансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |
Каракол шаардык депутаттар
Кеңешинин 2019-жылдын
17-январындагы № 27-26/13 токтомуна
№ 1 тиркеме
Каракол шаардык мэриясынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу ЖОБО
1. Жалпы жоболор
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралганКыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
Комиссия Каракол шаарынын депуттар Кеңеши тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы Каракол шаарынын депутаттар Кеңешинин чечими менен бекитилет.
Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Комиссия Кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
Комиссия Каракол шаарынын депутаттар Кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап Каракол шаарынын депутаттар Кеңешине киргизет.
Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
Каракол шаарынын депуттар Кеңеши тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
Каракол шаарынын депутаттары;
муниципалдык кызматчылар;
шаардын, айыл аймагыңын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы Каракол шаардык мэриясынын муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон, атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчөсү боло алат.
Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:
соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;
соттулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттулугу бар;
акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мүчөсү боло албайт.
Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары Каракол шаарынын депуттар КеңешиКомиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөнтартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары:
жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянынмүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндөарыз берген учурда;
Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнөкиргенде;
күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;
медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
Комиссияньш мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда;
Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;
Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
Каракол шаарынын депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
- жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.
Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет.
Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда Каракол шаарынын депутаттар Кеңештин чечимименен токтотулушу мүмкүн.
Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.
3. Комиссиянын ишинин тартиби
Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
Комиссиябузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардынтүшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болот.Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштан он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүүбоюнча ыйгарым берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
Комиссия, бузуу жөнүндө ишти карап чыгып:
А) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат:
жаза чарасын колдонуу жөнүндө;
туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29-беренеси);
иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.
Б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мучөлөрү бирдей укукка ээ.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Төмөндөгүлөргө милдеттүү:
Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;
бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;
жүрум-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга.
Төмөндөгулөргө укуктуу:
бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүугө;
бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;
Кодексте каралган башка укуктарга.
Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары, темөндөгүлөргө милдеттүү:
Комиссиянын ишмердуүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;
Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;
Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;
Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.
Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары, төмөнкүдөй укуктарга ээ:
Өзкомпетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
Комиссияңын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:
бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;
Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;
өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;
Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;
бузуулар жөнүндө протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
Комиссиянын мүчөлөрүң, бузуулар жөнүндо өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет;
Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;
аныктамалардын жана токтомдордун кочүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;
Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;
Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт;
Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат,
Комиссияньш катчысы убактылуу жок болгон учурда анын миддеттерин комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.
Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү:
бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткап адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, өкүлүнүн, адвокатын, ошондой эле күбөсүңүн, эксперттин, адистин. котормочунун туугандары болушса;
иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кызыкдар болушса,алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катыпгууга акысы жок.
5. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайыңдалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек.
Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда, Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.
Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жургүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финасылык отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлуүчү айып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөго макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн (квитаициясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгудөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:
-бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;
отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкөн иретинде
жайгаштырылган бардык документтер;
белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;
ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.
Бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.
Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эеепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.
Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук (шаардык) бөлүмү менен салыштырып текшерип турат.
Комиссия төмөндөгүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат:
бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы;
айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам дар га жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы.
Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, кок же сыя көк түстөгүсыя (паста) менен жазылат.
Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
44. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.
Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин жооптуу катчысы |
Э. Майрыков |