Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын XII- сессиясы
2018-жылдын 20-июну № 16
Ак-Терек участкасындагы “Туздуу Көлдүн” тарифтерин бекитүү жөнүндө
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Курманбаевдин маалыматын угуп, талкуулап Күн-Чыгыш айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Күн-Чыгыш айыл аймагынын Ак-Терек участкасындагы “Туздуу Көлгө” барган авто унаалардан жеңил машина үчүн 30-сомдон, БУС жана автобус унаалары үчүн 50-сомдон төлөө акысы бекитилсин, жана “Туздуу-Көлдүн” ичине кирип унаа токтоочу жайдын жанына чейин барган автомашиналар үчүн 150-сомдун 50 % айыл өкмөтүнө төгүлсүн .
2. Туздуу-Көлдүн участкасынын кире беришине эс алып келген элдерди тейлөөгө убактылуу ижара акысы ар бир боз үйгө 3000 сомдон, өзү жашаган боз үйгө 1000 сом болуп бекитилсин.
3. Туздуу-Көлдүн тегерегинин тазалыгын, автоунаалардын ирээттүүлүгүн, жана элдердин коопсуздугун сактоо, Гулистан дыйкан чарбасына, боз үй ээлерине жана Иманалиев Уланга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Турганбаевге, көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин инфраструктура боюнча комиcсиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Баялиев |