Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын XII- сессиясы
2018-жылдын 17-августу № 19
Тоң райондук билим берүү бөлүмүнө Турганбаев Калмак Турганбаевичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн эмгек жамаатынын кайрылуусун карап, талкуулап Күн-Чыгыш айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бөкөнбаев айылындагы Тоң райондук билим берүү бөлүмүнө Билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги ошондой эле СССР Жогорку Советинин Президиумунун “ Эмгектеги каармандыгы үчүн медалы”, “Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги”, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн “Эмгек сиңирген ишмери” наамынын жана көптөгөн сыйлыктардын ээси маркум Турганбаев Калмак Турганбаевичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Турганбаевге тапшырылсын.
Төрага | Ж.Баялиев |