Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын XVIII- сессиясы
2018-жылдын 28-ноябры № 24
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 9-айлык аткарылышынын жыйынтыгы менен бюджетке ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 9-айлык аткарылышынын жыйынтыгы менен бюджетке ѳзгѳртүү киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы В.С. Абдулдаеванын маалыматын угуп жана талкуулап Кун-Чыгыш айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 9-айлык аткарылышынын негизинде 9-ай ичинде ойнотулган тендерлерден үнѳмдѳлгѳн жана пайдаланылбай калган беренелер:
- 300,0мин сом Намазбек баатыр атындагы спорт комплеске ѳздүк салым
- 300,0 мин сом стелла алмаштырууга
- 161,0 мин сом кѳмүр алуудан үнѳмдѳлѳн
- 130,0мин сом кѳчѳ жарыктардан үнѳмдѳлон
- ТТКЧ боюнча 200,0мин сом 22154900 беренесинен “дагы башка чыгымдардан” үнѳмдѳлгѳн
- Аппарат боюнча 515,0мин сом 22154900 беренесинен “дагы башка чыгымдардан” үнѳмдѳлгѳн баары 1606,0мин сом акча каражаттары тѳмѳндѳгүдѳй чыгымдарга которулуп берилсин:
- “Тѳлгѳ” МТСнин лизингке алынган техникалардын 2018-жылдын 12-июнь,12-сентябрь,12-декабрь айларынын тѳлѳмдѳрү жана айып туумдарына 1606,0минсом бѳлүнүп берилсин.
- Бюджеттин так жана туура аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.К Турганбаевге, финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы башкы бухгалтер В.С. Абдулдаевага милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ж.Баялиев |