Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын XVIII- сессиясы
2018-жылдын 28-ноябры № 28
Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Күн-Чыгыш айыл аймагынын комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексин, «Пробация жөнүндө», «Мунапыс берүү негиздери жана анны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобого, аталган агенттиктин 17-октябрь 2018-жылдагы №01-18/126 буйругунун жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү Жобого ылайык бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча айыл аймагына комиссия түзүү максатында Күн-Чыгыш айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Күн-Чыгыш айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча төмөндөгү курамда администрациялык комиссия түзүлүп бекитилсин:
Базаров Мир Бактыбекович - айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы;
2. Азырманбетова Залина Эсенбаевна - айыл өкмөтүнун жетектөөчү адиси, комиссиянын катчысы;
3. Осмонов Мырзабек Шаршенбекович - айылдык Кеңештин депутаты;
4. Асанов Жыргалбек Мусадинович - айылдык Кеңештин депутаты;
5. Касымов Мирлан Аттокурович - айылдык Кеңештин депутаты;
6. Мамбетказиев Мээримбек Жусупович -айылдык Кеңештин депутаты;
7. Моңолдоров Саматбек Шаршенбекович - айылдык Кеңештин депутаты;
8. Беккулуев Руслан Канатбекович - айылдык Кеңештин депутаты;
9. Байтоков Бакытбек Чымбаевич - айыл өкмөтүнун адиси;
10. Жаныбаев Айбек - жарандык коомдон,
11. Сагынбаев Арстанбек - жарандык коомдон
2. Бузуулар боюнча комиссияга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу Кодексинин жана «Пробация жөнүндө», «Мунапыс берүү негиздери жана анны колдонуу тартиби жөнүндөгү» Мыйзамдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген бузуулар, жаза чаралар боюнча иш алып бару жагы милдеттендирилсин.
3. Бузууларды кароо боюнча комиссиянын отурумдары графике ылайык өткөрүлсүн.
4. Буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж.Баялиев |