Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын XVIII- сессиясы
2018-жылдын 28-ноябры № 27
Бөкөнбаев айылынын үстүнкү Жон көчөсүнө (мурдагы Загатконтора) О.Жолочиеванын ысымын ыйгаруу жөнүндө
“Жон” участогунун жашоочуларынын кайрылуусуна жана Күн-Чыгыш айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун окуп жана талкуулап Күн-Чыгыш айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бөкөнбаев айылынын “Жон” көчөсүнө (мурдагы Загатконтора участогуна), ошол жерге биринчилерден болуп көчүп келип отурукташып, Жон участогунун өсүп өнүгүүсүнө, жашылдандыруусуна өз салымын кошкондугун эске алып Жолочиева Оңол апанын ысымы ыйгарылсын .
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Айыл өкмөтүнө жана көзөмөлдөө жагы инфраструктура боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Баялиев |