Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын XVIII- сессиясы
2018-жылдын 28-ноябры № 28
Күн-Чыгыш аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн караштуу Жергиликтүү алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябырындагы №01-18/06 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобосуна жана Күн-Чыгыш айылдык Кеңештин мыйзамдуулук боюнча комитетинин сунушуна ылайык Күн-Чыгыш айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн караштуу Жергиликтүү алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябырындагы №01-18/06 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобосуна негизинде иштелип чыккан Айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комисия тууралуу Жобо бекитилсин.
2. Күн-Чыгыш айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча администрациялык комиссия түзүлүп бекитилсин.
3. Буйруктун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Турганбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын
Төрага | Ж.Баялиев |