Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын XVIII- сессиясы
2018-жылдын 28-ноябры № 30
Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн белгиленген жер салыгынын базалык ставкасынын өлчөмүн көтөрүү жөнүндө
Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн белгиленген жер салыгынын базалык ставкасынын өлчөмүн көтөрүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы В.Абдулдаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Күн-Чыгыш айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 49-главасынын 337-беренесинин 6-пунктусуна ылайык Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл чарба багытындагы үлүш (сугат айдоо) жерлерди пайдалангандык үчүн белгиленген жер салыгынын базалык ставкасынын өлчөмү 2 эсеге көбөйтүлүлүп, же 1 гектар айыл чарба багытындагы жер аянтынын белгиленген салыгынын ставкасы 236 сом болсо, 2019-жылга карата 472 сом болуп көтөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 49-главасынын 337-беренесинин 5-пунктусуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан бийик тоолу жана алыскы калктуу конуштарга киригизилген айыл чарба жерлери үчүн айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгын төлөөдө 50 пайыз өлчөмдө жеңилдик белгиленгендиктен, 2019-жылга карата 1 гектар айыл чарба багытындагы жер аянтынын белгиленген салыгынын ставкасы 236 сом болуп белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Турганбаевге жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы В.Абдулдаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ж.Баялиев |