Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V-чакырылышынын XIX- сессиясы
2018-жылдын 26-декабры № 33
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан “Үлүштүк” (дем берүүчү) гранттардын эсебинен “Намазбек Баатыр” спорт комплексин капиталдык оңдоо боюнча долбоор жөнүндө
Күн-Чыгыш айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Турганбаевдин Боконбаев айылындагы “Намазбек-Баатыр” спорт комплексин капиталдык оңдоо боюнча маалыматын угуп, талкуулап Күн-Чыгыш айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Боконбаев айылындагы Б.Мамбетов көчөсүндө жайгашкан “Намазбек Баатыр” спорт комплексин капиталдык ондоого түзүлгөн долбоорго ылайык жергиликтүү бюджетинин 1-январь 2019-жылдын калдык эсебинен кошумча 850 000 (сегиз жүз элүү миң ) сом акча каражаты өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2. “Намазбек Баатыр” спорт комлексинде суроо талапка ылайык “Бокс”, “Оор атлетика” боюнча секцияларды ачуу жана 3(үч) штаттык бирдиктерди кароо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Турганбаевге жана көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын. Долбоор колдоого алынган учурда, каралган сумма кечиктирилбестен каржылансын.
Төрага | Ж.Баялиев |